Бугу 03, 2024
Убакыт: 04:28
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Сокулукта күч колдонуп 4000 доллар, 60 миң сом жана уюлдук телефонун карактап кетишкен (фото)

16.07.2020 10:22
1164
Сокулукта күч колдонуп 4000 доллар, 60 миң сом жана уюлдук телефонун карактап кетишкен (фото)


Кечээ, 14-июль күнү болжол менен саат 04:14төр чамасында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө “Алтын-Ордо” жаңы конушундагы үйлөрдүн биринде каракчылык болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.


Чүй ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиргендей, бул маалыматтын негизинде дароо ыкчам тергөө тобу көрсөтүлгөн дарекке чыгышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда төмөндөгүлөр аныкталган. Ушул эле күнү болжол менен саат 03:10дор чамаларында 20-25 жаш курактагы балдар медициналык бет кап менен 38 жаштагы К.Н. аттуу жарандын үйүнө киришип, үй ээсине күч колдонуп, белгисиз курал менен коркутушкан жана 4000 АКШ долларын, 60 миң сом акчасын, уюлдук телефонун алып, “Хонда фит” үлгүсүндөгү автоунаа менен белгисиз тарапка из жашырып кетишкен.


Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.


Кылмыштын бетин ачуу үчүн Сокулук РИИБдүн кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук РИИБдүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип, 21 жаштагы Э.С., 37 жаштагы Э.А., 20 жаштагы Т.К. жана Н.Б. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышты. Ошондой эле зарыл болгон экспертизалар дайындалган.


Учурда кармалган жарандар башка дагы кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн