Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 20:45
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Сокулукта мечитке кирип уурулук кылган жаран кармалды

26.10.2022 11:03
289
Сокулукта мечитке кирип уурулук кылган жаран кармалды



Сокулук районунда мечеттин ичинен уурулук кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка таянсак, Сокулук РИИБке арыз менен Н.Р. кайрылып, арызында 24 октябрь күнү саат танкы 05.50 убакытта белгисиз адам Сокулук айылынын Ошская көчөсүндө жайгашкаг мечетке кирип, кайрымдуулукка акча чогултуучу кутучаны акчасы менен, видеобайкоо камерасынын мониторун жана кийимдер салынган сумканы уурдап кеткенин билдирип чара көрүүнү суранган. 


Аталган факт Сокулук РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Кылмыштын бети ачылбай келген.  

25-октябрь күнү Сокулук РИИБнүн кызматкерлеринин жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыш жасаган адам 1997 жылы туулган С.Е. аттуу жаран экендиги такталып, ал Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары  жүргүзүлүүдө. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн