ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 3 тонна жапайы өскөн кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 11-сентярбь күнү ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу боюнча иш-чара өткөрүштү. Жалпысынан 1 гектар жерден 3 тонна жапайы өскөн кара куурай жок кылынды.
Аталган иш-чара “Манас” эл аралык аэропортуна жакын жердеги Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айыл өкмөтүндүн аймагында өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө калк арасында баңги курамын камтыган өсүмдүктөрдү сактабоо, өстүрбөө, пайдаланбоо керектиги эскертилип, ал үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгы маалымдалды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн