Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:40
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Сокулукта мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды

11.07.2024 11:58
169
Сокулукта мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды


Сокулук районунун Шопоков шаарындагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекеттин кирешесине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү материалдарынын алкагында Чүй облусунун Сокулук районундагы социалдык инфраструктуралык объектини мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 1998-жылы Сокулук районунун Шопоков шаарында жайгашкан бала бакча ("Ата ЛТД" ЖЧКсына таандык) жеке адамдар тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталды.

Учурда бала бакчанын жалпы аянты 0,7 гектар жана пайдалуу аянты 372,1 чарчы метр мамлекеттин балансына кайтарылды, анын баасы 35 миллион сомго жакын.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн