Бугу 05, 2024
Убакыт: 03:29
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Сокулукта ооруканага түшкөн 2 жаштагы бала ким тарабынан сабалганы белгилүү болду

04.02.2022 12:38
789
Сокулукта ооруканага түшкөн 2 жаштагы бала ким тарабынан сабалганы белгилүү болду

Сокулукта ооруканага түшкөн 2 жашар бала апасы тарабынан сабалган. Бул тууралуу “Кабар” агеттигине Чүй облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Бактыгүл Мамытова билдирди.


Маалыматка ылайык, баланы ооруканага атасы алып келген.


“Бала оорукананын реанимация бөлүмүнө баш мээсинин жабык жаракаты, бетинин, буту-колунун жаракаттары, бети жана моюну көгөргөн жана сыйрылган, эки колунун инфекциялуу жарааты менен жаткырылган”, - деп айтылат маалыматта.


Эскерте кетсек, Сокулук райондук милициясына күн мурун саат 21:30дар чамасында ооруканага эки жаштагы К.Е. аттуу бала түшкөнү тууралуу маалымат келген.


Аталган факты боюнча текшерүү башталган.


Баланын денесине келтирилген жаракаттын бардык жагдайлары аныкталды.


Тиешелүү экспертизалар дайындалган. Териштирүү иштери уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн