Бугу 20, 2024
Убакыт: 02:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сокулукта өз атасын өлтүрүүгө шектелип 25 жаштагы жаран кармалды

13.07.2021 17:51
824
Сокулукта өз атасын өлтүрүүгө шектелип 25 жаштагы жаран кармалды

Киши өлтүрүүгө шектүү катары 25 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


4-июлга караган түнү милицияга Дача СУ айылында жергиликтүү тургун өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат түшкөн. Сокулук районунун Ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу аталган жерге барган. Каза болгон 55 жаштагы К.К. денесинде кесилген жерлер катталган.


Бул факт КЖБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен катталган.


Милиция кылмышка шектүүнү кармады. Ал 25 жаштагы Т.М.  өлтүрүлгөн адамдын уулу болгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн