Сокулук районунун Күн-Туу айылынын тургуну жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу АКИпресс агенттиги өздүк булактарына таянып кабарлады.
Маалым болгондой, 35 жаштагы жаран 23-декабрда эртең менен саат 7де жолдошу өзүнүн 13 жаштагы кызын зордуктаганын айтып, милицияга кайрылган.
Сокулук РИИБдин кызматкерлери "зордуктоо" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, 1980-жылы төрөлгөн У.Э. аттуу жаранды кармаган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн