Бугу 19, 2024
Убакыт: 06:10
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сокулукта пластик сакталган кампа өрттөндү

Сокулукта пластик сакталган кампа өрттөндү




Бүгүн, 9-декабрда Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылынын Фрунзе көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Белгилүү болгондой, тилсиз жоону өчүрүүгө таңкы саат 5:17де Ленин райондук №6 ӨКБдан 2 бөлүм, буга кошумча саат 06:10до №23 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпысынан 3 бөлүм жана саат 06:11де Штаб тартылган.


Такталган маалыматка ылайык, кампадан чыккан өрт саат 06:41де чектөөгө алынып, 09:34тө толук өчүрүлдү. Өрт курчаган жалпы аянт 340 чарчы метрди түзүп, пластик сакталган кампа, жыгач иштетүүчү цех жана унаа оңдоочу жайдын чатыры күйгөн. 


Өрттөн жабыркагандар жок.Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн