Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:29
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Сокулукта "тилемчи" аталышындагы рейд өткөрүлдү

22.08.2022 14:55
387
Сокулукта "тилемчи" аталышындагы рейд өткөрүлдү




Сокулук районунун аймагында 2022-жылдын 17-19 август күндөрү райондук милиция кызматкерлери «Тилемчи» аталышындагы рейд өткөрүштү.


Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара райондогу кайыр сурап жүргөн тилемчилерди жана жана селсаяктарды аныктоо максатында жүргүзүлдү. Ошону менен бирге рейд учурунда, жашы жете элек өспүрүм балдардын эмгекке тартылышы боюнча дагы кошумча иш-чара өткөзүлдү. 


Тартип сактоочулар кайыр сурагандардын дайыма жүргөн жерлеринде, мечиттердин жана базарлардын кире бериш жерлеринен, жөө адам өтмөктөрүнөн, чөң көчөлөрдүн кесилишинен, дүкөндөрдүн алдынан жоолугушту. Ошондой эле сутканын түнкү убагында коомдук тамактануу жайлары жана оюн-зоок борборлорунда жашы жете элек балдарды эмгекке тартылышы боюнча иш-чара алып барышты.   


Өткөрүлгөн иш-чаранын алкагында аталган адамдар менен укук бузууну болтурбоо, жолдо өзүнө жана айдоочуларга коркунуч келтирбөө жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди. Ошондой эле рейд учурунда аныкталган балдардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн