Теке 27, 2024
Убакыт: 09:03
USD
EUR
RUB

Сокулукта сойкукана аныкталып, администратору кармалды

01.12.2023 11:53
377
Сокулукта сойкукана аныкталып, администратору кармалды


Сокулук айылында жайгашкан «Ордо» мейманканасында райондук милиция кызматкерлери сексуалдык кызмат көрсөтүлгөн жайды аныкташкан. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой, аймактагы бардык мейманканаларды, сауналарды жана мончолорду текшерүү боюнча рейд жүрүп жатат.


Бул фактынын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана бузукулукка көмөктөшүү) боюнча кылмыш иши козголду.


Тергөөнүн жүрүшүндө аталган мекеменин администратору аныкталган. Ал 1961-жылы туулган М.Г. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Тинтүү учурунда аялдан белгиленген акча табылып алынган. Бул сойкуканада сегиз кыз иштегени аныкталган. Учурда тергөө иштери уланууда.


Эске сала кетсек, УКМКнын башчысы ошондой эле мамлекеттик органдарга жарандарга интимдик кызмат көрсөткөн жайларды, мончо комплекстерин жана сойкуканаларды уюштуруудагы мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюуну эскерткен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн