Бугу 05, 2024
Убакыт: 09:51
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Сокулукта сойкулук уюштурууга шектелип 43 жаштагы аял кармалды

05.02.2022 17:57
511
Сокулукта сойкулук уюштурууга шектелип 43 жаштагы аял кармалды

Сокулук районунда сойкулук үчүн сойкуканаларды уюштуруп, аларды тейлеген деген шек менен 43-жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


2022-жылдын 4-февралынан 5-февралына караган түнү козголгон кылмыш ишинин алкагында Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жана Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан атайын иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Сокулук районундагы айылдардын биринде жайгашкан саунанын администратору менен сойкулук менен алектенген 6 кыз да саунадан ИИБнө жеткирилген. Жогорудагы саунанын администратору 43-жаштагы С.А. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Тергөө иштери уланууда.

Ошондой эле, Чүй облусунун милиция кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун аймагындагы ушул сыяктуу жайларды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылып жатканын белгилейбиз.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн