Бугу 05, 2024
Убакыт: 08:22
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Сокулукта таанышын карызга батып калганы үчүн өлтүргөн жаран кармалды

Сокулукта таанышын карызга батып калганы үчүн өлтүргөн жаран кармалды

Чүй облусунун Сокулук районунда таанышын өлтүрүүгө шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.


Милициянын маалыматына ылайык, 9-август күнү Сокулук райондук милициясына Ш.М. аттуу жаран байкесин издеп кайрылган. Анда 6-август күнү болжол менен саат 24:00 чамасында Ш.И. аттуу 1983-жылы туулган байкеси чоң суммадагы 750 миң сомдой акча алып таанышына кеткен бойдон кайрылып келбегенин билдирген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 170-беренеси "адам уурдоо" менен катталып, издөө иштери башталган.


Иликтөө иштеринин жүрүшүндө дайынсыз жоголгон жаран мал алып сатуу менен алектенип жүргөнү белгилүү болгон. Андан аркы тергөө иштеринде милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы изделип жаткан адамдын таанышынын аты-жөнү такталган. Ал 1968-жылы туулган Б.М. аттуу жаран экени, ал сурак учурунда изделип жаткан жаран 7-август күнү үйдөн чыгып белгисиз тарапка кеткенин айткан.


Иликтөө иштеринин натыйжасында 21-августта жогорудагы Б.М. аттуу жаран кармалып, камакка алынган. 22-август күнү кошумча сурак учурунда Б.М аталган жаранды өлтүргөнүн моюнга алган. Алдын ала маалыматка караганда, алар карыздын айынан уруша кетишкен. 7-август күнү болжол менен саат 09:00 чамасында шектүү таанышынын денесине таш менен жаракат келтирген, ал алган жаракатынан улам каза болгон.


Буга байланыштуу шектүү кылмышын жашыруу максатында жансыз денени унаасына салып Восток айылында жайгашкан каналга көмүп салган. Мындан кийин далил буюмдарды жок кылуу үчүн өзүнүн унаасын өрттөп, Ат-Башы каналына телефонун жана маркумдун бычагын ыргытып жиберген.


Учурда бардык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылып жатат. Ал эми сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүүнүн үйүн тинтүүдө граната табылганы кошумчаланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн