Бугу 05, 2024
Убакыт: 14:44
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Сокулукта телефонду карактап уурдаган жаран кармалды

Сокулукта телефонду карактап уурдаган жаран кармалды



Сокулук районунда каракчылык кылган жаран кармалд. Бул тууралуу  Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Сокулук РИИБке арыз менен Т.Н. арыз менен кайрылып, арызында 23 октябрь күнү белгисиз адам Новопавовка айылынын Эркин-Тоо көчөсүндө артынан келип муунтуп, коркутуп “Редми НОТ 8” үлгүсүндөгү телефонун чөнтөгүнөн жулуп алып качып кеткенин билдирип чара көрүүнү суранган. 


Аталган факт Сокудук РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Кылмыштын бети ачылбай келген.  


23-октябрь күнү Сокулук РИИБнүн кызматкерлеринин жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыш жасаган адам 1993 жылы туулган Ж.У. аттуу жаран экендиги такталып, ал Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн