Бугу 10, 2024
Убакыт: 15:59
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Сокулукта төрт пакистандык жаран дайынсыз болууда

28.07.2021 16:23
608
Сокулукта төрт пакистандык  жаран дайынсыз болууда

Сокулукта ишканадан чыккандан кийин дайынсыз болуп жаткан чет өлкөлүк 4 жаран изделүүдө. Бул тууралуу алар менен чогуу иштеген жаран укук коргоочуларга маалымдап, издөөгө жардам сурап кайрылган.


Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, 27-июль күнү Сокулук районундагы ишканалардын биринин өкүлү арыз менен кайрылган.


"Анда Шопоков шаарындагы ишканалардын биринде иштеп жүргөн Пакистандын Жамиль Мухаммад, Лиакат Мцхаммад, Ифтикар Мухаммад, Али Карамат аттуу жарандары 26-июль күнү жумуштан чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканы айтылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында дайынсыз болуп жаткан жарандардын жүргөн жерин аныктоо боюнча тиешелүү кызматтарга тергөө тапшырмалары берилип, багыттамалар жөнөтүлдү. Учурда бул факты боюнча ар тараптуу ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө", - дешти маалымат кызматынан.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн