Сокулукта турак үйдөн чыккан өрттү өчүрүүгө 4 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-августта Новопавловка айылынын Северная көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылды. Өрт куткаруучулардын аракети менен 14:57де чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу кошумча маалымат берилет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн