Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:45
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Сокулукта убактылуу кармоочу жайда кылмышка шектүү жаран каза болду

03.03.2021 09:06
549
Сокулукта убактылуу кармоочу жайда кылмышка шектүү жаран каза болду

Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында уурулукка шектүү жаран каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты. 


Маалыматка ылайык, 1-марттан 2-мартка караган таңда бир камерадагы эки кылмышка шектүү мушташып кеткен. Натыйжада алардын бирөө каза болгон. 

РИИБдин кызматкерлери окуя болгон жерге тез жардам чакырган. Медкызматкерлер жарандын өлгөнүн аныктаган.

Аталган жарандын өлүмү боюнча медициналык-экспертиза түзүлүүдө.

Мындан сырткары окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн