Сокулук районунун Маловодный айылында "Lexus" үлгүсүндөгү унаа оодарылып, кырсыктын кесепетинен беш адам жабыркады. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 14-августта саат 22:00 чамасында Бишкекти көздөй келе жаткан унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун жээгиндеги тосмону сүзүп, андан соң оодарылып калган.
Натыйжада 5 адам жабыркап, алар ооруканага жеткирилген. Ал эми унааны айып короого токтоткон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн