Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:34
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Сокулукта үйгө кирип, 120 миң сомдук буюмдарды уурдаган жарандар кармалды

11.05.2022 11:25
977
Сокулукта үйгө кирип, 120 миң сомдук буюмдарды уурдаган жарандар кармалды

Сокулукта үйгө кирип, 120 миң сомдук буюмдарды уурдаган жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


2022-жылдын 26-апрелинде Чүй облусунун Сокулук РИИБнин нөөмөт бөлүгүнө Н.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Аталган жаран өзүнүн арызында белгисиз жактар анын Чүй облусунун Сокулук районундагы батирине кирип, ал жактан 1000 АКШ долларын, 15000 сомун, «Леново» үлгүсүндөгү телефонун жана күмүш буюмдарын алып кеткендигин айткан. Жалпы чыгаша 120000 сомду түзгөн. Андан сырткары, уурулук жасап жатканда батирге үй ээсинин жашы жете элек кызы кирип келгенде, кылмышкерлер анын көзүнө баллондон зат чачып туруп, качып кетишкен.

Аталган афкты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.


ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан Сокулук РИИБнын Тергөө кызматынын жана Кылмыш иликтөө кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында үч адамдан турган кылмыштуу топ кармалган: 1987-ж.т., Чүй обл. тургуну, мурда соттолгон, кылмышты уюштуруучу Ж.Б., 1962-ж.т., Чүй облусунун тургуну, мурда соттолгон Б.В. жана 1996-ж.т., Ысык-Көл облусунун туругуну, мурда соттолгон А.Ж.. 


Буюм далилдер, уюлдук телефон, ачкычтар алынган. Кармалган жактар Чүй облусунун Сокулук РИИБнын Тергөө кызматына жеткирилген.


Азыркы учурда, аталган жарандардын башка ушуга окшогон кылмыштарга тийиштигин текшерүү жүргүзүлүп жатат. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн