Сокулук районунда турак үйдөн чыккан өрттөн бир адам жарат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сокулук айылынын Совет көчөсүндө жайгашкан, жалпы аянты 5 чарчы метр болгон бир бөлмөлү турак үй толук күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1986 ж.т. эркек киши бутунан күйүк алган. Абалы туруктуу.
Ал эми өрттүн себеби атайын өрттөө экени айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн