Бугу 16, 2024
Убакыт: 21:13
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Сокулукта жаранды коркутуп телефонун тартып алган жаран кармалды

09.11.2022 12:43
256
Сокулукта жаранды коркутуп телефонун тартып алган жаран кармалды



 


Сокулук районунда тоноочулук кылган жаран кармалды.


Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2022-жылдын 7-ноябрь күнү Сокулук РИИБнө арыз менен 1999-жылы туулган А.Н. кайрылдып, 7-ноябрь күнү Ново-Павловка айыындагы жаңы конутардын биринде 1998-жылы туулган А.Б. күч колдонуп Хонор-S9 үлгүсүндөгү телефонун ачык түрдө тартып алып, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.


Аталган окуя боюнча Сокулук РИИБнүн тергөө кызматында Кыргыз Республикасынын КЖКнин 206-статьясында ( тоноо ) көрсөтүлгөн курам менен кылмыш иши козголгон. 

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө амалдарынын натыйжасында, бул кылмышты жасаган 1998-жылы туулган А.Б. жүргөн жери такталып, Кыргыз Республикасынын ЖПкнин 96-беренесинин талаптарына ылайык шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди. 

Тергөө уланып жатат. 


Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн