Баш оона 22, 2025
Убакыт: 07:07
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Сокулукта жеңил унаа кишини сүзүп, анын денеси бөлүнүп кеткен

02.08.2021 08:47
784
Сокулукта жеңил унаа кишини сүзүп, анын денеси бөлүнүп кеткен


Шопоков шаарында жол кырсыгы катталып, жөө адам набыт болду. Бул тууралуу Чүй облустук ЖКККБдан билдиришти.


Кырсык 31-июлга караган түнү саат 02:00дөр чамасында болгон.


"Volkswagen Golf III үлгүсүндөгү унаанын 22 жаштагы айдоочусу борбор калааны көздөй бара жатып 35-40 жаш чамасындагы кишини койгон. Окуянын кесепетинен жөө адамдын денеси бөлүнүп чачырап кеткен", - дешти милициядан.


Маркумдун ким экени тактала элек. Айдоочу Сокулук РИИБине жеткирилген. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн