Сокулук айыл аймагынын Сары-Өзөн айыл округунун жергиликтүү кеңештин төрагасы адам уурдоо, кыйноого жана мыйзамсыз курал-жарак сатууга шектелип кармалганын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Милицияга Д.А аттуу жаран анын мурунку күйөөсү үйүнөн алып кетип, аны Сокулук айылынын сыртына алып чыгып, денесине залал келтиргендиги тууралуу арыз менен кайрылган.
Анын айтымында, окуя болгон учурда унаада Т.Ч. аттуу аял да болгон.
Ушундай эле арыз менен Т.Ч. аттуу жаран Д.М.га карата чара көрүү жөнүндө, ал дагы анын денесине залал келтирдиги тууралуу арыз менен кайрылган.
Бул фактылар Сокулук РИИБге катталып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Кыйноо) жана 165-беренеси (Адам уурдоо) боюнча кылмыштардын негизинде кылмыш иштери козголгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн жашаган жери аныкталып, ал Сокулук айылынын Сары-Өзөн айыл округунун жергиликтүү кеңешинин төрагасы 1987-жылы туулган Д.М. аттуу жаран экендиги аныкталып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү жаран Д.М.дан мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдар табылып, алынган,. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) кылмыш белгилеринин негизинде кылмыш иши козголгон.
Мындан улам, 12-февраль күнү шектүү жаран Д.Мга КР Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Кыйноо), 165-беренеси (Адам уурдоо) жана 267-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда сот тарабынан шектүүгө карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынган.
Кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн