Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 03:56
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Сокулукта жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 5 адам жаракат алды

05.06.2020 11:51
932
Сокулукта жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 5 адам жаракат алды

Чүй облусу Сокулук районунда жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 5 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.


Маалыматка ылайык, Совхоз-Фрунзе айылында Toyota Avensis менен Камаз кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 1 аял киши каза болуп, 5 адам (3 аял: 30 жаштагы, 54 жаштагы, 60 жаштагы, 1 эркек: 52 жаштагы, 1 ымыркай: 2020-жылы төрөлгөн) ар кандай жаракаттарды алышкан.


Куткаруучулар жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышкан. Тез жардам кызматынын кызматкерлери жабыркаган жана каза болгон адамдарды Сокулук райондук ооруканага жеткиришкен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн