Бугу 15, 2024
Убакыт: 18:45
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Сокулукта жол тандабас менен жеңил унаа кагышып, 5 адам жабыркады (видео)

21.08.2020 11:03
1124
Сокулукта жол тандабас менен жеңил унаа кагышып, 5 адам жабыркады (видео)

 

Сокулук районунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 5 адам жабыркады. Бул тууралуу Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкармалыгынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-августта таӊга маал саат 03:00-04:00дө катталган. Анда “BMW Х5” жана “Mercedes-Benz” үлгүсүндөгү унаалар кагышып, 5 киши ооруканага жеткирилген.


“Жол тандабас Бишкек — Сокулук жолунда чыгыштан батышты көздөй, Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа ушул эле жол менен батыштан чыгышты көздөй бараткан. Алдын ала маалыматтар боюнча, жол тандабас карама-каршы тилкеге чыккан. Кырсыктын кесепетинен “Mercedes-Benz” үлгүсүндөгү унаадан, 4 киши жол тандабастан 1 киши (айдоочу) жабыркап, ооруканага жеткирилген”, - деп айтылат маалыматта.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн