Бугу 16, 2024
Убакыт: 05:40
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Сокулукта жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Сокулукта жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Чүйдүн Сокулук районунда маршрутканын айдоочусу адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, кырсык 22-августта саат 14:55тер чамасында “Фрунзе” гипермаркетинин алдында болгон.


“Мерседес Бенц Спринтер 313” унаасынын айдоочусу 59 жаштагы К.Д.Ш. аттуу адамды сүзүп кеткен. Жабырлануучунун колу сынып, ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен.


Ошол эле күнү милиция кызматкерлери тарабынан 41 жаштагы А.У.К. аттуу маршрутканын айдоочусу кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген.


Унаа айып аянтчасына киргизилди.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн