Сокулук районундагы өлүк сактоочу жайда адамдардын сөөктөрү курттап жатат. Бул тууралуу депутат Айнура Аскарова бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Депутат бул маселе боюнча чара көрүлүүсүн
өкмөттөн суранды.
Вице-премьер-министр Аида Исмаилованын маалыматы боюнча, анын бул маселе тууралуу кабары бар, видео аркылуу абалды көргөн. Мындан улам моргдун жетекчисин жумуштан алуу чарасы көрүлүп жатат.
“Биз бул боюнча тиешелүү иштерди алып барабыз жана керектүү жабдууларды камсыздайбыз. Биз дагы адамдардын сөөктөрү курттап кеткенин көрдүк”, - деди Исмаилова.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн