Бугу 21, 2024
Убакыт: 01:58
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Сокулуктагы "Аполлон" мейманканасында сойкукана аныкталды

19.02.2024 16:33
256
Сокулуктагы "Аполлон" мейманканасында сойкукана аныкталды


Сокулук районунда интимдик кызмат көрсөткөн сойкукананын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан Сокулук районунун ИИБ менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси ("Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү") туралуу каралган кылмыш белгилери боюнча 2024-жылдын 18-февралында Сокулук районунда жайгашкан "Аполлон" мейманканасында интимдик кызмат көрөсөткөн 15.06.1983-ж.т. К.Д.Э. жана 14.09.1987-ж.т. Г.В.С. кармалып, аларга кылмыш иши козголду.

Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалгандардан мурда атайын белгиленген 8 миң сом жана интимдик кызмат көрсөтүү үчүн алынган 7 200 сом өлчөмүндөгү акча каражаттары табылып алынды. Ошондой эле кыздарды интимдик кызмат көрсөтүүгө тарткан мейманкананын 1978-жылы туулган С.А.Д. аттуу администратору кармалды.

КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар Сокулук РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иш-чаралары уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн