Бугу 04, 2024
Убакыт: 03:00
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Сокулуктун имамдарына шайлоонун үгүт иштерине аралашпоо эскертилди

16.09.2020 15:30
726
Сокулуктун имамдарына шайлоонун үгүт иштерине аралашпоо эскертилди


Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун имамы Икрам ажы Ырысбаев райондогу имамдарга жыйын өткөрүп, бир канча тапшырмаларды берди. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, жыйын Сокулук районунун хатибиятында өтүп, анда райондогу диний кырдаал талкууланды. Иш-чара алкагында КМДБ тарабынан берилген Куран китептер тапшырылып, имамдарга төмөнкү тапшырмалар берилди:


1) КМДБ жана казыяттан чыккан буйруктарды так жана өз убагында аткаруу;


2) Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзбөө жана мечиттерге саясий жыйын өткөрбөө;


3) Эл ортосунда, улуттар арасында ынтымакты сактоо боюнча иш-чараларды уюштуруу.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн