Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 03:37
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Сокулуктун тургуну түнүчүндө 1,3 кг баңгизат менен кармалды

29.09.2020 12:55
866
Сокулуктун тургуну түнүчүндө 1,3 кг баңгизат менен кармалды


ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери баңги кылмышына шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Жазык кодексинин 286-беренеси  (Баңги каражаттарын, акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды мыйзамсыз даярдоо) боюнча жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. 


Жакында, түнүчүндө  “Кыргыз Темир Жолу”   мамлекеттик ишканасынын Бишкек-1 станциясынын аймагында ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун Сокулук районунун 1996-жылы туулган тургуну Г.Д. кармалган. Кармоо учурунда шектүү далилдерден кутулууга аракет кылып, колундагы баштыгын ыргытып жиберген. 


Окуя болгон жерди кароо учурунда Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жогорудагы жаранга таандык баштыкты табышкан. Баштыкта жалпы салмагы 1 килограмм 365 граммды түзгөн өзгөчө жыты бар жашыл түстөгү каражат болгон. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык табылып алынган каражат кара куурай тобундагы баңгизат болуп эсептелет.  


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн