Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Соль-Илецк шаарынан 3415 кыргызстандык жаран келди. Алар кайсы аймактарга кетти?

29.09.2020 10:20
1285
Соль-Илецк шаарынан 3415 кыргызстандык жаран келди. Алар кайсы аймактарга кетти?

Соль-Илецк шаарынан кыргызстандык жарандар 26-27-сентябрь күндөрү мекенине кайтып келишти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, 26-сентябрь күнү 1840,  27-сентябрь күнү 1575 мекендештер келишти. Жеринде ишти уюштурууга ӨКМдин, ИИМдин, Саламаттыкты  сактоо министрлигинин, Чек ара  кызматынын жана Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери тартылган. Келген жарандардын саламаттыгы текшерилип, үйлөрүнө кетүүгө уруксаат берилген.  


26-сентябрь күнү келген 1840 жаран аталган аймактарга жөнөтүлгөн:  


- Ош шаарына - 124

- Ош облусуна - 423

- Бишкек шаарына - 176

- Чүй облусуна - 203

- Нарын облусуна - 47

- Ысык-Көл облусуна - 115

- Талас облусуна - 73

- Жалал-Абад облусуна - 472

- Баткен облусуна - 207


27-сентябрь күнү келген 1575 жаран аталган аймактарга жөнөтүлгөн:  


- Ош шаарына - 55 

- Бишкек шаарына - 106

- Ош облусуна - 343

- Жалал-Абад облусуна - 487

- Нарын облусуна - 41

- Баткен облусуна - 163

- Ысык-Көл облусуна - 140

- Чүй облусуна - 162

- Талас облусуна - 78


Келген мекендештер Бишкек шаардык мэриясы тарабынан бөлүнгөн автобустар менен өлкөнүн аймактарына жеткирилген.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн