Бугу 15, 2024
Убакыт: 10:20
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Россия менен Казакстандын чек арасында турган кыргыз жарандарын алып келүү маселеси чечилди

30.04.2020 13:36
1151
Россия менен Казакстандын чек арасында турган кыргыз жарандарын алып келүү маселеси чечилди


Россиянын Соль-Илецк шаарында чек арада турган кыргыз жарандарын алып келүүгө уруксат берген нота келди. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңеште Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков айтты.


Анын айтымында Россия менен Казакстандын чек арасында турган 67 унаа бар, аларды автобус жана дарыгерлердин коштосунда алып кетүүгө уруксат берилген.


“Соль-Илецк шаарында турган жарандар боюнча кече кечинде алып кетүүгө уруксат берген нота келип түштү. Автоунааларды Россиянын аймагында калтырыш керек деген талап коюлуп жатат.  Ушул маселенин үстүндө азыр иштеп жатабыз, 2-3 күндүн ичинде чечилет. Бул эки тараптуу кыймыл, азыр оң чечими кабыл алынган жана техника маселесин чечүү боюнча иштер жүрүп жатат. 30-апрелге карата түзүлгөн тизменин негизинде биз жарандарыбызды алып келебиз”, - деди Айдарбеков.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Тынчтыкбек
Машиналарыбыздын стоянка акысын толоп бересиздерби машинабызды калтырсак Айдарбеков кантип иштеп журосун кичине башыны иштейт байке