Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:27
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Соль-Илецктен келген аялдан жана баласынан коронавирус аныкталды

14.05.2020 19:34
936
Соль-Илецктен келген аялдан жана баласынан коронавирус аныкталды


Жугуштуу оорулар ооруканасына Соль-Илецк шаарынан келген эне баласы менен жаткырылды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.


Маалыматка ылайык, 11-майда “Семетей” обсервациясынан тез жардам унаасы менен шаардык балдар клиникалык ооруканасына кичинекей балага курч энтероколит диагнозу коюлуп, орточо оор даражада жеткирилген.


Ал эми буга чейин анын атасынан инфекция аныкталгандыгына байланыштуу, энеси менен өзүнчө бокска жаткырылган.


Биринчи алынган ПЧР-анализдери экөөнүкү тең терс жыйынтык көрсөтүп, кайталанып алынган анализдеринен коронавирус илдетти аныкталган. Алар 13-майда Республикалык жугуштуу оорулар клиникасына которулган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн