Аяк оона 28, 2024
Убакыт: 07:31
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.930

Соль-Илецктен келгендердин 41и Баткендин тургундары

21.05.2020 15:04
1566
Соль-Илецктен келгендердин 41и Баткендин тургундары


Россиянын Соль-Илецк шаарынан келген 541 жарандын 41и Баткен облусунун тургундары. Бул тууралуу 21-майдагы брифингде Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынар Саттарова билдирди.


"Биздин облуста катталган акыркы учурлар, негизинен сырттан келген оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары жана чет өлкөлөрдөн чартердик авиарейстер аркылуу келген жарандар болуп жатат. Мисалы Соль-Илецктен келген жарандардын ичинен Баткен облусунун 41 тургуну бар. Алардын бешөөсүнөн коронавирус оорусу аныкталып, Бишкек шаарында ооруканага жаткырылды. Ал эми калган 36 жаран Баткен облусуна жөнөтүлүп, анын ичинен 7сү обсервацияга жаткырылды. Анткени алар оорулуу менен байланышта болгон. 25 жаран катуу көзөмөлдөгү үй карантинине алынды. Себеби алардын Бишкек шаарында тапшырган ПЧР анализдери таза чыккан. Төртөө жолдо келе жатат”, - деди Саттарова.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн