Бугу 10, 2024
Убакыт: 07:05
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Соль-Илецктен келгендердин анализи таза чыккандары үйлөрүнө жиберилип жатат

19.05.2020 08:43
929
Соль-Илецктен келгендердин анализи таза чыккандары үйлөрүнө жиберилип жатат


Кечээ, 18-майда кайталап алынган анализи терс жыйынтык көрсөткөн Соль-Илецктен келген Кыргызстандын жарандары үй карантинине жиберилди. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.

Алар 7-майда мекенине кайтып, “Семетей” обсервациясына жайгаштырылган. Экинчи ирет ПЧР анализи алынгандан кийин 541 жарандын ичинен 421 жаранда жыйынтыгы коронавирустун жок экенин көрсөткөн.
Эксперттик комиссиянын чечими күтпөстөн, обсервацияда жайгашкан адамдар
чыдамсыздыккөрсөтүп, алар менен саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев жогулушуп, аларга үй карантининин талаптары тууралуу айтып берди.


Белгилей кетсек, экинчи ирет алынган ПЧР анализдин жыйынтыгында жаңы аныкталган 43 учур менен жакын байланышта болгон 19 адам обсервацияга калтырылды.


Э
ске салсак, кайтып келген 541 адамдын ичинде 101 адам стационарларга жаткырылган. Алардын 58и – Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында, 43ү – Улуттук фтизиатрия борборунда.

Учурда обсервациядагы абал туруктуу, медиктер штаттык тартипте иштеп жатат. Бүгүн, 19-майда бардык жарандар жашаган жерине атайын уюштурулган унаа менен жеткирилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн