Сомалинин баш калаасы Могадишодо катуу жарылуу орун алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.
Маалым болгондой, порттун жанындагы ресторандын алдында бомба коюлган унаа жарылган.
Жарылуу болгондон кийин аймакта кеминде 20 адам каза болуп, 30 адам жаракат алганын жарыялаган.
Азырынча жарылуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Ресторан буга чейин эки жолу жанкечтилердин чабуулуна кабылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн