Бугу 16, 2024
Убакыт: 07:21
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Сөөктөр алмашып кетип, туугандары башка адамды көмүшкөн. Министрлик эмне дейт?

28.07.2020 13:29
506
Сөөктөр алмашып кетип, туугандары башка адамды көмүшкөн. Министрлик эмне дейт?


Өлүкканадан каза болгон адамдын сөөгү жакындары жана туугандарына көрсөтүлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, каза болгон адамдын сөөгүн жакындары тааныгандан кийин ал журналга кол коюлган соң берилет. 


Ошондой эле, аталган ведомстводон Сузак районунда болгон окуя, тактап айтканда туугандары башка адамдын сөөгүн көмүп койгону боюнча комментарий берди. 


"Каза болгон аялдын жакындары кол коюп, аны алып кетишкен. Андан кийин каза болгон экинчи аялдын жакындары келип, анын калы жана колунда Б деген тамгасы болгонун айтышкан. Каза болгон эки аял бири-бирине окшош болгон. Бул жакта медиктердин күнөөсү жок", - деп билдиришти ведомстводон. 


Буга чейин Бишкек шаарынын тургуну дагы аларга өлүкканадан башка адамдын сөөгүн берип коюшкандыгын билдирген болчу. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн