Бугу 20, 2024
Убакыт: 14:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Сооронбай Жээнбеков Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы менен сүйлөштү

07.04.2020 14:16
1086
Сооронбай Жээнбеков Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы менен сүйлөштү


Президент Сооробай Жээнбеков Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы, Бириккен Араб Эмираттарынын Куралдуу күчтөрүнүн жогорку башкы командачысынын орун басары Мухаммед бин Заед Аль Нахайян менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, эки жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы чаралар талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков түзүлгөн кырдаал жана экономикалык кесепеттер биргелешкен аракеттерди талап кылып жатканын белгиледи.

Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Заед Аль Нахайян кыргыз тарапка аталган илдет менен күрөшүүдө колдоо көрсөтө тургандыгын билдирди.

Мындан сырткары, ал эмират тараптын Кыргызстандын экологиялык таза айыл чарба азык-түлүктөрүн импорттоого кызыкдар экенин белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн