Президентти Москвага коштоп баргандардын коронавирус
аныкталгандары республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасына жаткырылды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо
министринин орун басары Мадамин Каратаев 25-июндагы брифингде билдирди.
“Эки киши республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды. Калгандары обсервацияга алынды. 14 күндүк карантинден кийин кайталанып анализ алынат. Андан кийин көрсөткүчүнө жараша жумушуна чыкса болот”, - деди Каратаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн