Кулжа 16, 2024
Убакыт: 21:51
USD
87.10
88.00
EUR
93.70
94.70
RUB
0.955
1.000

Сооронбай Жээнбеков - элдик президент. Биз сөзсүз укуктук талаага кайтып келебиз, - депутат А.Касымалиева

08.10.2020 09:57
835
Сооронбай Жээнбеков  - элдик президент. Биз сөзсүз укуктук талаага кайтып келебиз, - депутат А.Касымалиева

Депутат Аида Касымалиева өлкөдөгү кырдаал боюнча жана президент Сооронбай Жээнбековго арналган пост жарыялады. 


"Мен чоң саясатка Сооронбай Жээнбеков менен келгем. Мен парламентке 2017-жылы келгенде, ал өлкөнүн премьер-министри болгон жана биз чогуу иштеп баштаганбыз. 


Сооронбай Шарипович президент болгондон кийин жаман жакка өзгөргөн жок. Мурдагыдай эле жөнөкөй, эмгекчил жана жоопкерчиликтүү бойдон калды. Мен өзүмдүн аң сезимиме, туюмума ишенем, калганы - саясат.


Сооронбай Шарипович Жээнбеков - менин президентим. Ал - элдик президент. Биз сөзсүз түрдө укуктук талаага кайтып келебиз. Өлкөнүн бүтүндүгүн жана эгемендигин сактап калабыз. 


Президент өз мөөнөтүн иштеп бүтөт жана элдин арасында сый-урматта жашайт. Анын дагы бир маанилүү сапаты - ал сынды туура кабыл алып, каталарынын үстүндө иштей алат. Баардыгыбыз өзүбүздүн амбициябыздын айланасында эмес, өлкөнүн бүтүндүгү жана мыйзамдуулуктун айланасында биригишибиз керек", - деп жазды ал. 

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Токтобердиев Талайбек А.
С.Шарипович ордуна келип өз милдетин аткарыш керек. Это 2 раз
Токтобердиев Талайбек А.
Өз милдетин аткарсын.