Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июнда “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.
Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 21-майында кабыл алынган бул мыйзамга коронавируска каршы багытталган карантиндик чаралар менен байланышкан өзгөртүүлөр киргизилген.
2020-жылы өлкөбүздүн республикалык бюджетинин киреше бөлүгү 135 млрд 346,8 млн сомду, чыгымдоо бөлүгү 163 млрд 39 млн сомду, ал эми көрүнүп тургандай бюджеттин таңкыстыгы 27 млрд 692,2 млн сомду түзөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн