Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 00:12
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Сооронбай Жээнбеков маркум Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнө барды (сүрөт)

16.07.2020 13:26
2763
Сооронбай Жээнбеков маркум Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнө барды (сүрөт)


Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-июлда борбор калаадагы стационарлардын биринде ыктыярчы-медик болуп иштеп жүрүп каза болгон И.Ахунбаев атындагы КММА студенти Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнө барды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан билдирди.


Мамлекет башчысы Адинайдын ата-энесине, туугандары менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, анын атына багыштап куран окуду.


“Түшүнүп турам, азыр эч бир сөз сиздерди соорото албайт. Өтө чоң жоготуудан улам кабыргаңар кайышып турат. Сиздердин оор кайгыңыздарды тең бөлүшүү менен мен кезинде өз баласын жоготуп, кайгыга батып турган апамды эстеп жатам, — деп белгилеген Президент, Адинайдын апасына кайрат айтып жатып.


Сиздер ушундай зирек, жашоону сүйгөн, адамдарды сүйгөн кызды тарбиялап өстүрдүңүздөр. Кудайым сиздерге — ата-энесине, туугандары менен жакындарына сабырдуулук, бекем ден соолук жана узак өмүр берсин, — деп белгилеген Сооронбай Жээнбеков.


Баарлашууда ата-энеси мектептен бери медик болууну кыялданып, Ысык-Атадагы Юрьевка айылынын орто мектебин эң жакшы баалар менен бүтүрүп, жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алып, Мед академияга тапшырган кызы Адинай тууралуу айтып беришти.


Президент Сооронбай Жээнбеков Адинай Мырзабекова биздин замандын баатыры экенин, ал мекендештеринин эсинде башкалардын саламаттыгы үчүн өз өмүрүн арнаган кайраттуу ыктыярчы катары калаарын баса белгилеген.


 Замирбек Жээналиев менен Дилбар Молдокулованын Адинай менен 4 кызы бар эле. Айгерим жана Бегимай — студенттер, Жанель — мектеп окуучусу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн