Тогуздун айы 09, 2025
Убакыт: 21:56
USD
87.30
87.80
EUR
101.30
102.30
RUB
1.065
1.095

Сооронбай Жээнбеков Аксы окуясынын курмандыктарына таазим кылды (фото)

17.03.2020 15:28
1424
Сооронбай Жээнбеков Аксы окуясынын курмандыктарына таазим кылды (фото)


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-мартта Аксы окуясында каза болгондордун элесине таазим кылды, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.


Мамлекет башчысы 2002-жылдагы Аксы окуясында жана 2010-жылы Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтындагы Апрель окуясында эркиндик үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл койду.


2002-жылдын 17-мартында Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө жана абакта жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровду бошотуу талабы менен бараткан Аксылыктарга ок атылган. Натыйжада 6 адам каза болуп, бир нече адам түрдүү жаракаттарды алган.  



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн