Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 07:02
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

С.Жээнбеков А.Лукашенкону кайрадан президент болуп шайланышы менен куттуктады

10.08.2020 17:14
936
С.Жээнбеков А.Лукашенкону кайрадан президент болуп шайланышы менен куттуктады


Президент Сооронбай Жээнбеков Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенкону өлкө президенти кызматына кайрадан шайланганы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.


«Сиздин бай тажрыйбаңыз жана кесипкөйлүгүңүз элдин бакубатчылыгын жогорулатууга мындан ары да өбөлгө болуп, өлкөнүн саясий жана экономикалык өнүгүүсүнүн жогорку деңгээлин камсыз кыларына ишенем.


Эзелки достук салттарга, өз ара сый-урматка жана кызматташтыкка негизделген кыргыз-беларусь мамилелери мындан ары да биздин мамлекеттердин элдеринин бакубаттыгы үчүн өнүгүп, бекемделе берерине тилектешмин», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.


Сооронбай Жээнбеков Александр Лукашенкого бекем ден соолук жана бакубатчылык, ал эми Беларусь Республикасынын достук мамиледеги элине — тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн