Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 03:35
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Сооронбай Жээнбеков Баткендин айыл чарба объектилеринин иши менен таанышты

11.03.2020 16:50
936
Сооронбай Жээнбеков Баткендин айыл чарба объектилеринин иши менен таанышты


Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Баткен аймактык ветеринардык лабораториясына барды, деп маалымдады президенттин басма сөз кызматы.


Бул лабораториянын негизги максаты — эпизоотикалык абалды көзөмөлдөө, ар кандай ветеринардык лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү болуп саналат.


Мамлекет башчысы Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу менен өлкөнүн инфратүзүмдөрүн, анын ичинде лабораторияларды Бирликтин талаптарына ылайык келтирүү маселелери актуалдуу болгондугун эске салды.


Баткен аймактык ветеринардык лабораториясынын жаңы имаратынын курулушу 2016-жылы башталган. Бүгүнкү күндө ушундай эле лабораториялар Талас, Балыкчы жана Каракол шаарларында иштеп жатат.


Президент продукцияларды чет өлкөлүк базарларга чыгаруу менен катар эле алардын сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуу мамлекеттин маанилүү милдети болуп саналарын билдирди. Экспортко жөнөтүлүп жаткан продукциялардын сапаты өлкөнүн аброюна түздөн-түз таасирин тийгизерин баса белгиледи.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн