Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 10:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

С.Жээнбеков Бишкекте ачылган түнкү стационарга барды (сүрөт)

14.07.2020 17:29
947
С.Жээнбеков Бишкекте ачылган түнкү стационарга барды (сүрөт)


Президент Сооронобай Жээнбеков Бишкектеги биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча жарандарды кабыл алуу үчүн ачылган түнкү стационарга барды.


Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, аталган стационар алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча жарандарды кабыл алуу үчүн ачылат.


«Өлкөдө дары-дармек тартыштыгын жаратпоо өзгөчө көзөмөлдө турат. Ата мекендик фармацевтикалык өндүрүштүн мүмкүнчүлүктөрүн колдонуунун жолдору караштырылып жатат. Өкмөткө дары-дармектерди сырттан ташып келүү чараларынан сырткары, фармацевтикалык компанияларды дагы колдоо сунушталат”, -  деди өлкө башчы. 


Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов 9 күндүзгү стационардан тышкары борбор калаада жарандар зарыл болгон медициналык жардамды жана дарыгерлердин консультациясын ала турчу 2 түнкү стационар ачылып жатканын маалымдады. Ал түнкү стационарлардын ишине чет өлкөлөрдөн келген мекендештердин ичинен ыктыярчы-медиктер тартылган.


Мамлекет башчысы ошондой эле коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө Кыргызстанга жардам көрсөтүү үчүн чет өлкөлөрдөн келген мекендеш-медиктердин позициясын өзгөчө ыраазычылык менен белгиледи. Бүгүнкү күндө медициналык мекемелерге практикалык жардам көрсөтүү үчүн Москвадан, Екатеринбургдан, Новосибирсктен жана  Орусиянын башка шаарларынан 80ден ашуун ыктыярчы-медик келди. Жакынкы мезгилде Новосибирск менен Түркиядан ыктыярчы-медиктердин тобу келери күтүлүүдө.


Сооронбай Жээнбеков Өкмөт илдеттин очогунда иштеп жаткан дарыгерлердин айлык маянасын көбөйтүп жатканын, аларды өзгөчө камкордукка алаарын айтты.


Медициналык кызматкерлер тиешелүү бардык төлөмдөр жана медициналык каражаттар менен өз маалында камсыз болоорун кошумчалады. Кесиптик милдеттерин аткарууда ооруп калган дарыгерлерди Ысык-Көлдөгү дарылануучу жайларда реабилитациялоо маселеси каралып жатат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн