Президент Сооронбай Жээнбеков кырдаалды көзөмөлдөп жатат жана саясий күчтөр өз кызыкчылыктарынан өлкө кызыкчылыгын жогору коюп, өлкө жарандарын тынчсыздандырып жаткан коомчулукту бөлүнүп-жарылуу жана башка кооптонууларга жол бербейт деп бекем ишенимин билдирүүдө. Бул тууралуу 6-октябрда президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.
Анын айтымында, президент өзүнүн бардык күч-аракетин өлкөнү укуктук талаага алып келүүгө жумшап жатат. Ал учурдагы түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен, мамлекет башчысы БШКга парламенттик шайлоонун натыйжаларын жокко чыгарууга чейин, мыйзам бузууларга байланыштуу материалдарды кылдаттык менен изилдөөнү сунуш кылып жаканын белгиледи.
«Тилекке каршы, кыргызстандыктар буга чейин эки элдик көтөрүлүштү башынан өткөргөн жана тынчтык менен туруктуулуктун баасын абдан жакшы билишет. Ошондуктан президент Сооронбай Жээнбековдун бардык күч-аракеттер жакынкы убакытта өлкөгө тынчтыкты кайтарууга багытталарын белгилейт. Мамлекет башчысы бардык саясий күчтөрдү жана жарандарды Кыргызстандын келечеги үчүн акылмандуулукка чакырат. Азыр ал Бишкекте», - деди Стамалиева.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн