Кулжа 26, 2024
Убакыт: 07:39
USD
86.50
87.40
EUR
92.50
93.50
RUB
0.960
1.020

Сооронбай Жээнбеков: Биздин Армия — мамлекеттин ишенимдүү тиреги

29.05.2020 12:51
1120
Сооронбай Жээнбеков: Биздин Армия — мамлекеттин ишенимдүү тиреги


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-майда Кыргызстандын аскер кызматкерлерин өлкөнүн Куралдуу күчтөр күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоо тексти:

«Жолдош жоокерлер, сержанттар, старшиналар жана прапорщиктер!

Жолдош офицерлер жана генералдар!

Урматтуу Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери!

Сиздерди Куралдуу күчтөрүнүн күнү менен куттуктайм! Биздин Армиябыз — өлкөбүздүн эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн сактоо жана жарандарыбызды коргоо үчүн мамлекеттин ишенимдүү тиреги.  

Акыркы жылдары Армияны материалдык-техникалык жабдуу, заманбап аскер техникалары жана куралдар менен камсыз кылуу жакшырууда. Аскердик башкаруу системасын жана куралдуу күчтөрдүн өз ара иш-аракеттерин өркүндөтүү жүрүп жатат. Аскер кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртуу — мамлекеттин артыкчылыктуу багыты катары улантылууда.

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгында аталарыбыздын даңктуу жолун жана аны уланткандарды терең таазим менен эстейбиз.

Биз Ата Мекенди коргоочулардын аскердик салттарын улантууга жана өнүктүрүүгө милдеттүүбүз. Атуулдук менен аскердик милдетти абийирдүү аткарып жатканыңыздар үчүн сиздерге ыраазылык билдирем.

Чың ден соолук, бакты-таалай жана ийгиликтерди каалайм!»

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн