Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 04:26
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Сооронбай Жээнбеков Чүй облусуна иш сапары менен барат

03.09.2020 09:41
1119
Сооронбай Жээнбеков Чүй облусуна иш сапары менен барат

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына болгон иш сапарларын улантууда. Мамлекет башчысы бүгүн, 3-сентябрда Чүй облусуна иш сапары менен барат.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы Москва жана Жайыл райондорундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, сот органдарын жана медицина мекемелерин санариптештирүүнүн жүрүшүнөн кабар алат.

Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбеков айыл чарба, кайра иштетүү ишканаларынын ишмердиги жана калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн