Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:03
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Сооронбай Жээнбеков: Дарыгерлердин айлык акысы үзгүлтүксүз, өз убагында берилиши керек

04.07.2020 18:16
1084
Сооронбай Жээнбеков: Дарыгерлердин айлык акысы үзгүлтүксүз, өз убагында берилиши керек


Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июлда саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, саламаттыкты сактоо министри өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаал жана коронавирус инфекциясынын таралышына каршы күрөшүүгө көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берген.


Сооронбай Жээнбеков саламаттыкты сактоо системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен дагы бир жолу куттуктаган.


“Өлкө үчүн эң татаал учурда кесиптик милдетиңерди татыктуу аткарып жатасыздар. Дарыгерлербиздин чоң армиясы бүгүнкү күндө элибиздин саламаттыгын жана өмүрүн сактоо максатында өз жанын унутуп коюп, айрымдары үй-бүлөсүн, балдарын көрбөй, айлап иш үстүндө болууда. Медиктерибизге терең ыраазычылык билдиребиз, — деп белгилеген мамлекет башчысы.


Сооронбай Жээнбеков мамлекет артыкчылыктуу багыт катары медиктерге колдоо көрсөтүп, коронавирус илдетин жеңүү үчүн бардык ресурстар менен камсыз кыларын баса белгилеген.


Президент кырдаалды талдоо жана ыкчам чечимдерди кабыл алуу үчүн өз убагында прогноз кылуунун зарылдыгына министрдин көңүлүн бурду.


Бейтаптарды кабыл алуу жана жайгаштыруу алгоритмин зарылдыгына жараша ийкемдүү өзгөртүүгө, бейтаптардын жана дарыгерлердин муктаждыктары жөнүндө так жана өз убагында маалымат берип турууга чакырган.


Мамлекет башчысы дагы бир жолу медицина кызматкерлерин мобилизациялоо зарылдыгын белгилеген.


Ошону менен бирге саламаттыкты сактоо системасын толугу менен санариптештирүүнү күчөтүүнүн, ал эми азыркы шарттарда бейтаптарды ыкчам орундуктарга жайгаштыруу үчүн ооруканалардын бирдиктүү санарип картасын иштеп чыгуунун маанисин баса белгилеген.


Мындан тышкары, Президент дары-дармектердин жана медициналык каражаттардын тартыштыгына жана баасын жасалма жогорулатууга жол бербөө максатында рынокту көзөмөлдөөнүн маанисин белгилеген.


Мындай нерселер жазасыз калбашы керек. Бул багытта Финансы полициясы иш алып барууда. Саламаттыкты сактоо министрлиги дагы ар дайым мониторинг жүргүзүп, маалыматтарды ыкчам берип турууга милдеттүү— деп баса белгилеген Мамлекет башчысы.


Ошондой эле ал белгилегендей, дарыгерлердин айлык акысы үзгүлтүксүз, өз убагында берилип турушу керек, ал эми медицина кызматкерлерин тамак-аш менен камсыз кылуу жана анын сапаты министрдин көзөмөлүндө болушу керек.


Азыр прессада, социалдык тармактарда, эл арасында дарыгерлердин көйгөйлөрү активдүү талкууланууда. Дарыгерлердин айлык акысы үзгүлтүксүз, өз убагында берилиши керек. Медицина кызматкерлерин тамак-аш менен камсыз кылуу маселесин жеке көзөмөлүңүзгө алыңыз, — деп жыйынтыктаган Сооронбай Жээнбеков.


Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жогорку окуу жайлардын ректорлору менен макулдашуу боюнча, медициналык факультеттердин жогорку курстарынын 70ке жакын студенттери ишке тартылганын, дагы 30 студент тез жардам кызматтарынын ишине тартылганын маалымдаган.


Мындан сырткары, пилоттук долбоордун алкагында коронавирусу бар бейтаптар үчүн атайын адистештирилген жерлерде бош орундуктардын эсеби жүргүзүлүп, бардык ооруканалардан келип түшкөн маалыматтар бирдиктүү базага киргизилерин кошумчалаган.


Министр рыноктун анализи жүргүзүлүп, дары-дармектердин баасын кыйла жогорулатып жибергендердин тизмеси түзүлгөнүн маалымдаган. Тизме Республикалык штабга жөнөтүлгөнү айтылат.





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн