Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 02:29
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Сооронбай Жээнбеков Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору менен жолугушту

22.05.2020 17:25
980
Сооронбай Жээнбеков Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору менен жолугушту


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-майда Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору, Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин астындагы Өнөржайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Аскар Сыдыков менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, жолугушууда Өнөржайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин чечимдерин ишке ашыруунун жүрүшү, түзүлгөн кырдаалда ишкерликке колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жана посткризистик мезгилде бизнестин ролу талкууланган.


Президент бардык мамлекеттик стратегиялык документтерде негизги багыттар катары ишкерликти колдоо жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү көрсөтүлгөндүгүн белгилеген.


Ошондой эле ишкердик жүргүзүү үчүн шарттарды жакшыртуу жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун көтөрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен кошо бир катар системалуу көйгөйлөр болуп жатканын кошумчалаган.


Президент Сооронбай Жээнбеков буга байланыштуу мамлекеттик органдар менен бизнестин ортосундагы конструктивдүү диалогду күчөтүүнүн маанисин баса белгилеген.


Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков Өнөржайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет иштеген мезгилде бир катар оң натыйжалар болгонун — Өнөржайды өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынгандыгын, жеңил өнөржайы үчүн жеңилдиктер түзүлгөнүн, жакын арада укук коргоо органдарынын ишкерлерге кошумча төлөмдөрдү салууга түрткү берген Өкмөттүн токтому жокко чыгарылаарын жана башка иштер жасалганын билдирген.


Мындан сырткары, бир жылга жетпеген убакта экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү жана ишкерлердин көйгөйлүү маселелерин чечүү боюнча жалпы жонунан 152 сунуш иштелип чыккандыгын баса белгилеген.


Ошондой эле Башкы прокуратуранын түзүмүндө ишкерлер менен иштөө боюнча атайын бөлүмдү түзүү бизнес өкүлдөрүнөн жакшы пикирлерге ээ болгонун билдирген.


Ошону менен бирге Комитеттин бир катар чечимдери азыркыга чейин толук көлөмдө аткарыла электигин кошумчалаган.


Буга байланыштуу Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору экономиканы жөнгө салууда реформаларды ишке ашыруу зарылдыгы жөнүндө пикирин айткан. 


Аскар Сыдыков түзүлгөн кризистик кырдаалга карабастан, ата мекендик экономикада айыл чарба, энергетика, тоокен өнөржайы жана башка чөйрөлөргө инвестиция тартуу боюнча көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар экенин кошумчалаган.


Эске салсак, Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин астындагы Өнөржайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет Президент Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдын декабрындагы Жарлыгы менен түзүлгөн. Ал ишкерликтеги эң актуалдуу болгон көйгөйлөрдү чечүү үчүн мамлекет менен бизнестин ортосунда диалог аянтчасы болушуна шартталган.


Комитеттин жетекчиси Мамлекет башчысы өзү болуп саналат, ал эми орун басарлары — Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков менен вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.


Комитеттин курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын жетекчилери, бизнес-түзүмдөр менен ассоциациялардын өкүлдөрү кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн